Тажик аскерлеринин курчоосунда калган. Баткенде шейит кеткен Гүлжигит Бектеновдун окуясы
RU

Тажик аскерлеринин курчоосунда калган. Баткенде шейит кеткен Гүлжигит Бектеновдун окуясы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан 50дөн ашык адам каза тапты. Мекен чегин коргоп шейит кеткендердин арасында 27 жаштагы Гүлжигит Бектенов (Токтосун уулу) да бар. Ал кыргыз аскерлерин чыгып кетсин деп тажик аскерлерин жана белгисиз адамдарды алаксыткан. Бул маалыматты Kaktus.media сайтына Баткен облусунда жүргөн аскер кызматкерлери тастыкташты.

Гүлжигит Бектенов 16-сентябрда Лейлек районунда күжүрмөн милдетти аткарып жүргөн. Алардын отряды душмандар тарабынан курчоого алынган. Бектенов жоокерлерге позицияны таштап кетүүгө буйрук берип, өзү тажик аскерлеринин көңүлүн бурдуруп, алаксытуу үчүн кала берген. Ал ар кандай айла-амалдарды жасап убакытты созуп турган.

Социалдык тармактарда кыргыз аскерлери Тажикстандан келген аскерлердин курчоосунда калып, андан соң туткунга алынганы тууралуу видео тарады. Туугандарынын айтымында, видеодо Гүлжигит Бектенов болгон. Эки күндөн кийин анын сөөгү ошол жерден табылган.

Гүлжигит Бектенов 2017-жылы Аскердик окуу жайды аяктап, андан кийин Раззаков шаарына жакын жайгашкан Чек ара кызматынын "Бөрү" атайын багыттагы отрядында төрт жыл кызмат өтөгөн. 2019-жылы "Даңк" медалы менен сыйланган. Гүлжигит Бектенов Ноокен районунун Кызыл-Туу айылынан.

Kaktus.kg сайты Гүлжигит Бектеновдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8490