Апасы урушуп койгон. Чүйдө 13 жаштагы бала асынып алды
RU

Апасы урушуп койгон. Чүйдө 13 жаштагы бала асынып алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдө апасы урушуп койгон өспүрүм бала суицид жасады. Маалыматты облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашып, 13 жаштагы бала атасынын унаасын уруксатсыз айдаганы үчүн апасы урушкан дешет.

Белгилүү болгондой, 26-сентябрда Жайыл РИИБине 1990-жылы туулган жергиликтүү тургун кайрылган. Ал 2009-жылы туулган Р.М. аттуу баласы 25-сентябрда саат 18:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айткан.

32 жаштагы келиндин күйөөсү Россияда эмгектенип жүргөн. Ал 25-сентябрда унааны уруксатсыз айдап чыкканы үчүн баласын урушканын, мындан улам уулу таарынып чыгып кеткенин билдирген.

Келин милицияга кайрылган учурда туугандары өспүрүм баланын огороддун четиндеги турникке асынып алганын аныкташкан.

Маркумга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8621