Кочкордо аялына бычак сайган киши асынып алды
RU

Кочкордо аялына бычак сайган киши асынып алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарын облусунун Кочкор районунда аялына бычак сайган жаран асынган абалда табылды. Бул туурасында Kaktus.kg сайтына облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалым болгондой, 17-июлда саат 06:00 чамасында Кочкор айылынын 1989-жылы туулган Ш.Ж. аттуу тургуну жолдошу (1979-жылы туулган Э.Р.) менен өз ара уруша кетишкен. Натыйжада күйөөсү аялына ашкана бычагы менен кол салган.

Анын кесепетинен келин денесинен жаракат алып, Кочкор райондук жалпы дарыгердик практика борборунун кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Ал эми териширүү иштеринин жүрүшүндө Кочкор районунун токой чарбасына тиешелүү бакчадан Э.Р. асынган абалда табылган. Өлүккө сыртынан кароо жүргүзүлүп, күч колдонуунун белгилери табылган эмес.

Бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7566