Жоламан Шаршенбеков: Дароо чемпион болсом мүмкүн жылдыз оорусу менен оорумакмын (видео)
RU

Жоламан Шаршенбеков: Дароо чемпион болсом мүмкүн жылдыз оорусу менен оорумакмын (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дүйнө чемпиону Жоламан Шаршенбеков Kaktus.kg сайтына интервью берип жатып кичинекейинде жылдыз оорусу менен ооруп жүрүп жеңилип калганын, ошондон кийин жөнөкөй болгонду үйрөнгөнүн айтып берди.

Балбан Дүйнө чемпионунан келгенде элдин таң атпай аэропортто тосуп алганына ыраазы экенин айтып, жеңиши тууралуу кеп кылды.

"Чындыгында аябай жакшы даярданып бардык. Менин мурунку жеңилүүлөрүм чоң тажрыйба берди. Финалга чыкканда буга чейин кетирген каталарымды эстеп, бул жолу кайра кайталабаганга аракет кылдым. Кыргызстан элинин алдындагы чоң жоопкерчиликти сезип, мунусунда да утулуп калсам болбойт деген мотивация болду. Эл колоп турганда жүрөктө от жалындайт экен", - дейт.

Ал эми сыйлоо аземиндеги көзүнө жаш алган учурдагы сезими боюнча "ал сезимди сезиш үчүн ошол жолду басып өтүп, ошол жерде болуш керек деп ойлойм" деп түшүндүрдү.

Балбан буга чейин жылдыз оорусу менен ооруп көргөнүн айтат.

"Балким биринчи жолу барганда эле чемпион болсом жылдыз оорусу менен ооруп калмакмын. Азыр андай эмесмин. Мурун кичинекейимде өзүмдү жылдыз сезип алган учур болгон. Бирок ошондон кийин турнирге чыкканда утулуп калгам. Ушул окуядан кийин жаман экенин билгем", - деп күлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8633