Жоламан Шаршенбековдун атасы: Баламды чемпион кылам деген максатым орундалды
RU

Жоламан Шаршенбековдун атасы: Баламды чемпион кылам деген максатым орундалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча Дүйнөлүк чемпионатта жеңишке жеткен балбандарды тосуп алуу аземинде Жоламан Шаршенбековдун атасы кыялы орундалганын айтты.

"Мен кичинекейимде күрөштү жакшы көрчүмүн. Айылда өсүп максатыбызга жетпей калдык. Анан балалуу болсом балама шарт түзүп берип, чемпион кылам деп тилек кылчумун. Кандай ниет кылсаң ошол орундалат экен. Мээнетибиз акталып балабыз Кыргызстандын туусун көтөрүп, гимнди жаңыртып, ушундай ийгиликке жетип отурат", - дейт атасы.

Эскерете кетсек, Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпионатында Болгариялык балбан менен беттешип, 11:2 эсебинде жеңишке жетишкен. Балбан грек-рим күрөшү боюнча 60 кг салмакта күч сынашкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8386