Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бизнес баштоо үчүн 100 миң сомдон берилди
RU

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бизнес баштоо үчүн 100 миң сомдон берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ала-Бука районунда жашаган аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө бизнес долбоорлорун ишке ашыруу үчүн 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Аны КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова тапшырды.

Бул демилгени президент Садыр Жапаров аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо, аларды оор турмуштук кырдаалдан чыгуу үчүн жигердүү кадамдарга үндөө, эмгектик жана мүлктүк потенциалын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү, өзү-өзү иш менен камсыз кылуу жана кошумча жумуш орундарын түзүү максатында демилгелеген.

Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 292 миллион сом бөлүп, респулика боюнча жалпысынан 2800 үй-бүлө менен социалдык келишимдерди түзүү жөнүндө токтомго кол койгон

Эске салсак, буга чейин Бишкек шаарында аз камсыз болгон 350 үй-бүлөгө ушундай жардам көрсөтүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8759