Депутат: Айлык көтөрүлдү деп эле башка нерселердин басын да көтөрө беребизби
RU

Депутат: Айлык көтөрүлдү деп эле башка нерселердин басын да көтөрө беребизби

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Коомдук транспорттордун жол киресинин көтөрүлүшү социалдык жарылууга алып келет. Бул тууралуу депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында азык-түлүктүн баасы көтөрүлүп, эми жол киренин баасы да көтөрүлсө эл кыйналат.

"Айлык көтөрүлдү деп эле башка нерселердин баасын дагы көтөрө беребизби. Мамлекеттик кызматкерлердин эле айлыгы көтөрүлдү. Автобуска деп бөлгөн акчалар кайда? Жөнөкөй эл кыйналып жатат, ансыз да азык-түлүктүн баасы көтөрүлүп жатат. Бул нерсе социалдык жарылууга алып келет", - деди депутат.

Эскерте кетсек, буга чейин Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев борбор калаадагы коомдук транспорттордо жол кире акысы 32 сомго чейин кымбатташы мүмкүндүгүн билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8830