Бишкекте коомдук транспортто жол кирени 32 сомго чейин көтөрүү каралууда
RU

Бишкекте коомдук транспортто жол кирени 32 сомго чейин көтөрүү каралууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев борбор калаадагы коомдук транспорттордо жол кире акысы кымбатташы мүмкүндүгүн билдирди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашат.

Нусувалиевдин айтымында, учурда транспорт тармагында "оор кырдаал" түзүлдү.

"2021-жылдын сентябрь айында тарифтер акыркы жолу кайра каралып чыккан. Андан бери күйүүчү майдын, тетиктердин жана башка чыгымдардын баасы кыйла жогорулады. Транспорт ишканаларында жүгүртүү каражаттарынын жетишсиздиги, материалдар жана эмгек акы боюнча карыздар пайда болду. Автоунаалардын запастык тетиктерин сатып алууга каражаттын жетишсиздиги каттамга чыккан транспорттордун кыскарышына, жүргүнчүлөрдүн көпкө күтүп калуусуна алып келди. Мындан улам жарандардын коомдук транспорттун ишине даттануулары көбөйдү", - деди Нусувалиев.

Жүргүнчүлөрдү ташуу тарифтерин өзгөртүү маселесин кароодо эксплуатациялык чыгымдардын өзгөрүшү жана инфляция эске алынышы керек.

Маалым болгондой, 2021-жылы тариф кайра каралгандан кийин бир литр күйүүчү майдын баасы 41 сомдон (жол кирени кабыл алууда комиссиянын эсептөөлөрү боюнча) 75 сомго (2022-жылдын 1-октябрына карата) көтөрүлгөн.

Учурдагы жол кире акысын өзгөртүү үчүн Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги №312 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору каралды. Токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо үчүн мамлекеттик, муниципалдык бийлик органдарынын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнөн жумушчу топ түзүлдү.

Ведомстводон билдиришкендей, бүгүнкү күндө бир жүргүнчү үчүн төмөнкүдөй тарифтерди белгилөө пландалууда:

  • троллейбуста - 15 сом;
  • автобуста, менчигинин түрүнө карабастан (өзгөчө чакан класстагы автобустардан башкасы) - 15 сом;
  • менчигинин түрүнө карабастан өзгөчө чакан класстагы автобустарда:

- саат 06:00дөн 20:30га чейин - 21 сом;

- 20:30дан 06:00гө чейин - 32 сом.

  • Менчигинин түрүнө карабастан атайын чакан класстагы экспресс-автобустарда:
- №№233, 234 - 22 сом;

- №№123, 226, 252 - 32 сом.

"Жол кире тарифин көтөрүү борбор калаанын жарандарына жана конокторуна транспорттук кызматтардын сапатын жакшыртат, транспорттордун санын көбөйтөт, ошондой эле техникалык абалдын жакшырышына алып келет", - дешет департаменттен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8813