Gergert Sport мамлекетке 21 млн сом зыян келтирген. Бирок дүкөн бүгүнтөн баштап иштейт
RU

Gergert Sport мамлекетке 21 млн сом зыян келтирген. Бирок дүкөн бүгүнтөн баштап иштейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Gergert Sport мамлекетке 21 млн сом зыян келтирди. Бул тууралуу Kaktus.media'га ЭККМКнын кызматкерлери айтышты. (Белгилей кетсек, 5-мартта финполдун жоюлганы белгилүү болду).

Эске салсак, 4-мартта Gergert Sport дүкөнү ЭККМК тарабынан мөөр басылып жабылган болчу.

Күч структураларынын кызматкерлери Kaktus.media'га берген маалымат боюнча дүкөндүн ээлери бажы төлөмдөрүн төлогөн эмес деп шектелүүдө. Экономикалык кылмыштуулукка каршы мамлекеттик кызматтын кызматкерлери бажы органдарынын өкүлдөрү менен бирге Gergert Sport дүкөнүнүн ээлери салык төлөөдөн качып, мамлекетке олуттуу материалдык зыян алып келгендигин аныкташкан. Божомолдоолор боюнча материалдык зыян келитрүүнүн суммасы ондогон миллион сомго жетет.

Gergert Sport'тун Instagram'дагы расмий баракчасында дүкөн менен кафетерий белгисиз мөөнөткө жабылды, деп жазылып турган болчу.

Кечээ, 5-мартта, саат 22:30да дүкөндүн Instagram'дагы аккаунтунда бүгүнтөн баштап иштейт, деген жарыя чыккан.

Gergert Sport товарларын Испания, Германия жана Франциядан алып келгендиги бирок бажы декларациялары башкача толтурулуп, төлөмдө төлөнбөгөнү аныкталды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/886