Италияга окууга өтүп, виза ала албай жаткан студенттер Садыр Жапаровго кайрылды
RU

Италияга окууга өтүп, виза ала албай жаткан студенттер Садыр Жапаровго кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Италиянын жогорку окуу жайларына өтүп, виза ала албай жаткан кыргызстандык студенттер президент Садыр Жапаровго жана тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевге кайрылуу жолдошту.

Алар документтерди көпкө күтүп калгандыктан Италиянын D жана DDV категориясындагы улуттук визаны ("Билим берүү документтерин мыйзамдаштыруу") алууга жардам берүүнү суранышат.

190дон ашык студент Италиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу Мария Беспалова аркылуу тиешелүү документтерди кароого тапшырышкан.

Студенттер документтерди кароо 3 айдан ашык убакыт, айрым студенттердики 5 айга созулуп жатканын белгилешти.

"Италиянын Казакстандагы элчилигинен эч кандай жооп болбогондуктан документтерибиздин абалы эмне болуп жатканы белгисиз. Ал эми Казакстандын көп студенти ушундай эле визаны 2 жуманын ичинде алып жатышат", - деп нааразы студенттер.

Италиянын университетинде толук кабыл алуу процедурасы бар (Университетке толук кабыл алуу), ал үчүн чет элдик студенттер университеттерге D жана DDV категориясындагы визаларды бериши керек. Ал эми мындай кабыл алуунын акыркы мөөнөтү 2022-жылдын 31-октябры болуп саналат. Ошентип, кыргызстандык студенттердин басымдуу бөлүгү университеттерден чыгарылуу алдында турат.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8912