Өзгөндө окуучулар мушташып, 14 жаштагы өспүрүм каза тапты
4302
Ошто массалык мушташтын кесепетинен 14-жаштагы өспүрүм каза тапты. Облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.
Белгилүү болгондой, 16-октябрда Өзгөн РИИБине ооруканадан билдирүү түшүп, анда 14 жаштагы И.К. оор абалда жеткирилигени кабарланган. Тагыраагы, окуучу бийик жардын түбүнөн жараат алган абалда табылып, 17-октябрда алган жаракаттарынан улам каза болду.
"Окуя 16-октябрга караган түнү орун алган. Анда эки айлдын 9 жана 10-классынын окуучуларынын ортосунда жаңжал чыккан. Киров айылынын балдары мушташ болгон жерден качып бара жатканда 14 жаштагы И.К. бийиктиктен түшүп кеткен. Учурда күбөлөр суралып, иликтөө иштери улантылууда", - дешти маалымат кызматынан.
Маршруткалардын иш таштоосу
(193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/8925