Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын жаңы спорт залы 5 айда курулду
RU

Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын жаңы спорт залы 5 айда курулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын жаңы спорт залы ачылды. Бул зал 5 айда курулуп бүткөнүн президенттин администрациясынан кабарлашты.

Мамлекет башчы өлкө боюнча көптөгөн кыздар заманбап спорт залы жок болгондуктан көбүнчө эркектер менен машыгууга аргасыз болгонун белгиледи.

"Биздин спортчу кыздар өлкөнү бүт дүйнөгө даңазалап жатышат. Ошондуктан мен демилге көтөрүп, бүгүн ачып жаткан бул спорт залдын курулушун жеке көзөмөлгө алдым. Сиздер өсүп келе жаткан муунга үлгү болосуздар, аларды спортко кызыктырасыздар деп ишенем", - деди президент кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрүнө кайрылып.

Мамлекет башчысы ошондой эле балбан кыз-келиндер алдыдагы Олимпиада оюндарында алтын утат деген ишенимин билдирди.

Аталган залда медициналык реабилитациялык бөлмө, күрөш залы, конференц-залы, сауна, кир жуучу жай, машыктыруучу бөлмө, эс алуу бөлмөсү, мейманкана бөлмөсү жана башкалар каралган.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8947