"Альянс Алтын" сууну пайдалангандыгы үчүн 9 айда казынага 29 млн сомдон ашык акча которду
RU

"Альянс Алтын" сууну пайдалангандыгы үчүн 9 айда казынага 29 млн сомдон ашык акча которду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жерүй алтын кенин иштеткен "Альянс Алтын" компаниясы жер үстүндөгү сууларды өндүрүштүк муктаждыктарга пайдаланганы үчүн төлөм жүргүздү. Сентябрь айында төлөмдүн суммасы 4,5 миллион сомдон ашып, 2022-жылдын тогуз айында ишкана тарабынан Кыргызстандын казынасына жер үстүндөгү сууларды пайдаланганы үчүн 29 миллион 852 миң 120 сом которулду.

"Алтын Альянс" ишканасы экологиялык нормалардын так сакталышын катуу көзөмөлдөйт", - деп белгилешти компаниядан.

"Тактап айтканда, Таластагы алтын кен комбинатынын негизги руда ташуучу жолдорунда (Жерүйдү иштетүү үчүн 2011-жылы курулган) чаңды басуу иштеринин сапатына көзөмөл жүргүзүлөт. Ачык жол менен казып алуу аянтчасында техникалык муктаждыктар үчүн суу алуу жана чаңды басуу үчүн кошумча жайлар даярдалган, бул жер үстүндөгү суу булактарынан суу алууну азайтууга жана суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга мүмкүндүк берет".

Техникалык адистер белгилешкендей, кенди ачык түрдө казып алуучу жерде сел сууларын ачык жолдордон жана таштанды төгүүчү жайлардан буруу үчүн зарыл болгон бардык инфраструктура жакшы абалда сакталганын баса белгилешет.

"Экологиялык мониторингдин планына ылайык, лицензияланган, ошондой эле кенге чектеш аймактарда табигый жана саркынды сууларга, кыртыштарга, атмосфералык абага талаа изилдөөлөрү жүргүзүлгөн. Өндүрүш объекттеринин санитардык коргоо зоналарынын чектеринде жана ага жакын жайгашкан Кара-Ой, Сасык-Булак конуштарында абанын сапаты текшерилген. Радиациялык фон өлчөнгөн, ал стандарттык көрсөткүчтөрдүн чегинде турат. Таластын санитардык көзөмөл департаменти тарабынан ичүүчү суунун сапаты талаптарга шайкештигин изилдөө үчүн ТЗРКнын объектилеринен үлгүлөр алынды. Жерди изилдөө Борбордук Азия институту тарабынан кайра иштетүү комплексинин аймагында деңиз деңгээлинен 1850-2000 метр бийиктикте иштеп жаткан автоматтык метеостанцияга пландуу оңдоо иштери жүргүзүлдү", - деп белгилешет ишканадан.

Ошондой эле аталган компаниядан экологиялык стандарттардын так сакталарын, өлкөнүн бюджетине бардык төлөмдөр өз убагында которулуп турарын баса белгилешти.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8953