Криптобиржада кантип соода кылса болот? Канча акча сарптоо керек? Bybit'тен кеңештер
RU

Криптобиржада кантип соода кылса болот? Канча акча сарптоо керек? Bybit'тен кеңештер

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Криптовалюта, онлайн биржа, онлайн капчыктар, блокчейн аркылуу киреше табуу тууралуу бардык эле интернет колдонуучулар уккан. Бирок ийгиликтүү криптотрейдер болуу үчүн үйрөнчүктөр үчүн мындай кызыктуу, бирок татаал крипто ааламын түшүнүү абдан кыйын. Анткени бардык жактан маалымат агып турат. Бул ар түрдүү жана кээде карама-каршы келет. Bybit үйрөнчүктөрдүн суроолоруна жооп берип, кеңештерди сунуштайт.

Криптотрейдинг менен кимдер алектенсе болот?

18 жашка толгон, колунда паспорту бар ар бир жаран. Бардыгы жөнөкөй. Блокчейнге кызыккандардын арасында өспүрүмдөр дагы болот. Аларга бул жаатта кесипкөй болуу үчүн онлайн сооданы изилдеп баштаганга жакшы мүмкүнчүлүк.

Криптобиржага катталууда кандай документтер керек?

Криптобиржада каттоодон өткөндө өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат. Кыргызстан үчүн ID-карта же паспорт колдонуу жетиштүү. Эске салсак, 18 жаштан жогоркулар гана крипто биржанын мүчөсү боло алышат.

Трейдер жана инвестор дегендер ким?

Криптотрейдинг менен алектенерден мурда сооданын базалык аныктамаларын үйрөнүү зарыл. Биржада каражат табуунун негизги делинген эки түрү бар - инвестиция кылуу же трейдинг. Бул эки багыттын окшоштуктары болгону менен айырмасы болот.

Трейдер - санариптик каражаттарды сатып алуу жана сатуу менен алектенет. Ал ар кандай аналитикалык инструменттердин жардамы менен талдоо жүргүзөт жана активдин баасынын андан ары өсүшү, аны сатуу менен сатып алуу чечимин кабыл алат.

Инвестор - узак убакыт бою баалуу кагаздарга жана криптовалюталарга акча салат. Инвестор бир нече ай же жыл айланганда киреше таба баштайт.

Сооданы туура жүргүзүү боюнча кимдер кеңеш бере алышат?

Үйрөнчүктөр үчүн маалыматтын агымы чоң, алар абдан пайдалуу болушу мүмкүн же тескерисинче таасир этип коюшу да ыктымал. Бул жерде өтө кылдаттык талап кылынат. Буга чейин ийгиликке жетишкен адамдар эмне жөнүндө айтып жатканын, алардын далилдерин гана угуу керек. Тажрыйбалуу соодагерлер, ири салымдарды жасаган адамдар, алардын кеңештерине жана идеяларына ишенүүгө болот. Бирок ар бир жаңы келген адам өзү аныктайт.

Кандай ресурстар рыноктогу кырдаал менен тааныштыра алат?

Маалыматтар көп. Бирок сапаттуу маалымат жана талдоо жүргүзгөн ресурстарды колдонуу жакшы. Мисалы крипто жаңылык каналдары: forklog.com, beincrypto.com.

Крипто акча боюнча болжолду Coinmarketcap ресурсу боюнча текшерүүгө болот.

Каалаган криптовалютаны текшерүү үчүн CoinGeсko сайтына баш багыңыз.

Аталган сайттардан сиз криптовалютанын кайсы орунду ээлегенин, өзгөрүүлөрүн, рыноктук капиталдаштыруу жана башка жагдайлары менен тааныша аласыз.

Ошондой эле биржалардын деңгээлин жана акыркы 24 саатта сооданын көлөмүн текшере аласыз.

Биржа тандоодо бүтүмдөрдүн көлөмүнө жана сооданын санына көңүл буруу керек. Мисалы Bybit`тин күнүмдүк соода көлөмү болжол менен 11 миллиард долларды түзүп, 10 миллион колдонуучуга жетет.

Албетте, үйрөнчүктөр башталгыч билим берүү курстарынан өтпөсө кыйынчылык туулат. Bybit башталгыч же андан да өнүккөн колдонуучулар үчүн "Bybit-профи" жаңы мини-курсун сунуштайт.

Бул материалдар эл аралык тажрыйбасы бар трейдерлер тарабынан орус тилинде даярдалган жана курстар акысыз.

Bybit ошондой эле билим берүүчү макалалардын казынасына ээ. Маалыматтар үйрөнчүктөргө Bybit эсебине акча салуу, криптовалюталарды алуудан тартып аны коопсуз чыгарып алууга жардам берет.

Андан тышкары криптотрейдерлер сунуш кылган бир нече интернет ресурстар бар - Chainanalysis, Cointelegraph, The Blog Crypto.

Ошондой эле шык берүүчү видеолорду көрүү да сунушталат.

Портфелге криптовалютаны кантип тандоо керек?

Крипто рыногунда миңдеген валюталар кездешет. Мисалы Coinmarket.com`до криптовалютанын 10 миңге жакын түрү бар. Албетте, рынокто лидерлик орунду ээлеп, киреше алып келген валютаны табуу оңой иш эмес. Тандоодо бир канча жагдайларды эске алуу керек.

Bybit криптобиржасынын трейдери, комьюнити-менеджери Сергей Мариничевден сунуш-кеңештер:

  • Polkadot, Avalanche тармактарына негизделген Defi, NFT криптовалюталарын жана башка ар тараптуу долбоорлорду кароого болот;
  • Криптовалютанын капиталына жана анын динамикасына көңүл буруу маанилүү;
  • Салынган каражаттын максатын билүү зарыл. Себеби максатка жараша тандоо болот. Мисалы убакыттын өтүшү менен сыналган Bitcoin жана Ethereum дегендер бар, ал эми үйрөнчүктөр бул долбоорлордон өздөрүнүн алтын казынасын табышы мүмкүн;
  • Тобокелге баруу же туруктуулукту тандоо сиздин колуңузда;
  • Ошондой эле үйрөнчүктөр криптовалютанын кайдан келип чыкканын, иштеп чыгуучулары ким, алардын мурдагы долбоорлору менен таанышып алганы оң;
  • Криптовалютанын баасы дагы маанилүү ролду ойнойт;
  • Оюңдагыдай валютаны таап, инвестиция жасап, алып-сатуу менен алектенүүгө шайкештик боюнча тести жардам берет.

Крипто тармагына жаңыдан кадам таштагандар канча сумма менен иштесе болот?

Трейдер, комьюнити-менеджер Сергей Мариничев 100 доллардан баштоо эң жакшы дейт. Ошол эле учурда салынган депозитти 5-10 бөлүккө бөлүү натыйжалуу болорун белгиледи.

Баасы долларга же еврого байланган криптовалюталарга 30%дан кем эмес инвестиция салуу туура. Күтүлбөгөн жагдайлар болгон учурда ага криптовалюта сатып алууга мүмкүн.

Калган каражатка акырындык менен капчык түзүлө баштайт. Башталышында ишенимдүү валюталардан баасы арзан кезинде аз-аздан алуу керек.

Тобокелдиги жогору болгон активдер депозиттин жалпы 2 пайыздан ашыгын түзбөөгө тийиш.

Шашылбоо керек. Бир күндө киреше таап, ийгиликке жетем деген ой менен ондогон бүтүмдөрдү жасоо кажет эмес.

Онлайн капчыктын, онлайн акчанын жана жеке маалыматтардын коопсуздугу үчүн ким жооптуу?

Жеке маалыматтар үчүн жоопкерчилик колдонуучунун өзүндө болот. Эгер онлайн капчыктын сыр сөздөрү жеңил болсо аны бузуу кыйынчылык жаратпайт. Айрым учурда криптовалюта ээлери интернет клубдардагы компьютерлер аркылуу онлайн капчыгына кирип аккаунтунан чыгууну, маалыматтарды өчүрүүнү унутуп калышат.

Борборлоштурулган биржаларда крпитовалюта ээлери кооптуулук жаралган жагдайда колдоо көрсөтүү кызматтарына кайрылып, жеке маалыматтарынын сыр сөздөрүн алмаштырса болот. Ал эми борборлоштурулбаган капчыктарды мынчалык коопсуз кылуу кыйынчылык жаратат.

Ошондой эле айрым биржалар өздөрүнүн кардарларына коопсуздук кызматын сунушташат. Мисалы Bybit HD капчык менен иштеп, колдонуучунун каражаттарынын толук коопсуздугун камсыз кылат.

Кыргызстанда криптовалютадан тапкан кирешени накталай алса болобу?

Албетте, крипто жаатындагы сооданын негизги максаты - киреше алуу жана андан пайдалануу. Бирок кантип накталай алып, пайдаланса болот?

Крипто инвесторлорунун арасында бири-биринен криптовалютаны сатып алуу же сата турган P2P (peer-2-peer) курал иштелип чыккан.

Кыргызстанда да бир нече Telegram-каналдар бар, бирок коопсуздук үчүн биржанын өзүнөн сатып алган жакшы – бул аркылуу шылуундарга түшүп калуу ыктымалдыгы азаят. Жакында Bybit крипто биржасы P2P соодасына кыргыз сомун кошту.

Биржалар P2P процессинин бүтүндүгүн көзөмөлдөп, кошумча коопсуздукту камсыз кылган криптовалютаны сатуучулардан текшерүүнү суранышат. Бул кызмат үчүн эч кандай комиссия алынбайт.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8955