Алдамчы башка бирөөнүн Lexus LX-570 үлгүсүндөгү унаасын 17 миң долларга сатып жиберген
RU

Алдамчы башка бирөөнүн Lexus LX-570 үлгүсүндөгү унаасын 17 миң долларга сатып жиберген

Все самое интересное в Telegram

Ысык-Көлдө алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Улук аттуу жаран Армения мамлекеттик номуру бар Лексус LX-570 үлгүсүндөгү унааны 17 миң долларга баалап сатыпжиберген. Сатып алуучу 15 миң долларды берип, калган 2 миң долларын экиге бөлүп берем деп түшүндүргөн.

Кийинчерээк сатылган унаа Атай деген таптакыр башка адамга таандык экени аныкталып, унааны саткан жигит изин жашырып кеткен.

Өткөн күнү Балыкчы ШИИБдин кызматкерлери кылмышка шектүү Бишкек шаарынын 31 жаштагы Ж.У. аттуу жаранды кармашкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган шектүү мурда ушул сыяктуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгондугу жана издөөдө жүргөнү белгилүү болду.

Алдын ала маалыматтарга караганда сурак учурунда шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Ал Балыкчы шаардык сотунун чечими менен 2 айга УККга камалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Балыкчы РИИБнин тергөө кызматы кылмышка шектүүнүн башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экенин жокко чыгарбайт жана анын алдамчылык аракеттеринен жабырлануучуларды 0705 077 044, 03944 3 27 01 телефондору аркылуу байланышууну өтүнөт.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 макала)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октября 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октября 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октября 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8971