Жапаровдун администрациясынын ЖМК боюнча сунуштаган мыйзамы. Кабыл алынса, кандай иштейт?
RU

Жапаровдун администрациясынын ЖМК боюнча сунуштаган мыйзамы. Кабыл алынса, кандай иштейт?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттик аппарат "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоорун даярдады. 28-октябрга чейин коомдук талкууда болот. Медиа-эксперттер бул документте сөз эркиндигине карата адам укуктарынын кепилдиктеринен мыйзамсыз жана кабыл алынгыс чегинүүлөрдүн олуттуу тобокелдиктери бар экенин белгилешет. Мыйзам долбоорунун айрым жоболору көз карандысыз маалымат каражаттарынын жана журналисттердин ишмердүүлүгүнө коркунуч келтирет.

Kaktus.media мыйзамды изилдеп көрдү. Эгерде бул мыйзам кабыл алынса эл маанилүү иликтөөлөрдү, саясатчылардын жана чоң чиновниктердин коррупциялык схемаларынын бетин ачкан материялдарды көрө албай калат. Ага кээ бир мисалдар келтирилген.

Бардык нерсеге жана бардыгына карата "дискриминация"

Аталган мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 5-пунктунда "жарандарды жынысына, расасына, тилине, майыптыгына, этникалык жана аймактык өзгөчөлүгүнө, динине, жашына, саясий же башка көз караштарына, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле жеке жана коомдук мүнөздөгү башка жагдайлар боюнча басмырлоочу материалдарды таратуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдаланууга тыюу салынат. Мунун ичиндеги "жеке жана коомдук мүнөздөгү башка жагдайлар" деген жерин ар ким өз алдынча чечмелеп, ар дайым өзүнүн пайдасына карап иштетет.

Мисал катары, эгерде Жогорку Кеңештин депутаты парламенттин трибунасында туруп профессионалдык жана интеллектуалдык деңгээлин көрсөткөн сөз сүйлөсө, журналист ал тууралуу жаңылык жаза албай калат. Анткени бул "жеке мүнөздөгү жагдайга" карап басмырлоо катары бааланышы мүмкүн.

Чиновниктердин жакындары кол тийбестикке ээ болобу?

Аталган мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 6-пунктунда жалпыга маалымдоо каражаттарын "жарандардын жеке жашоосуна кийлигишүү, алардын ар-намысына жана кадыр-баркына, ишкердик беделине шек келтирүү үчүн" пайдаланууга тыюу салынат деп белгиленген.

Жарандардын жеке турмушу сырттан кийлигишүүдөн корголушу керек. Бирок чиновник жеке жашоосун коомдук кызыкчылыкка каршы пайдалансачы? Маселен, президенттин кудасы тендердеги махинацияга тиешеси бар болсо.

Чыныгы турмуштан бир мисал келтирели. Садыр Жапаровдун кудасы Турусбек Түмөнбаев "Унаа" мамлекеттик ишканасын жетектеп турган. "Унаа" ишканасы өткөн жылдын июль айында каттоо күбөлүгүнүн бланктарын жана айдоочулук күбөлүктөрдү сатып алуу үчүн жарым миллиард сомго тендер жарыялаган.

Тендерди "Гознак" компаниясы утуп алган. Ал эми ушул эле ишкананын буюрмаларын Турусбек Түмөнбаевдин кызы Айгерим Тогубаева жетектеген "Бизнес-стратегия" ишканасы аткарат. Бул "кокустуктун" бетин Темиров Live каналынын журналисттери ачкан. Журналисттер "үй-бүлөлүк маселеге" кийлигишкен соң тендердин жыйынтыгы жокко чыгарылып, Турусбек Түмөнбаев кызматтан алынды. Ошондо массалык маалымат каражаттары жөнүндө бул мыйзам кабыл алынса, мындай иштер жеке жашоого кол салуу болуп саналып калабы?

Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 7-пунктунда "мыйзамда белгиленгенден башка учурларда адамдын макулдугусуз анын жеке жашоосу тууралуу маалыматтарды таратуу үчүн массалык маалымат каражаттарын пайдаланууга тыюу салынат" деп жазылган.

Маселен, журналисттер Райымбек Матраимовдун жубайынын Инстаграмдагы баракчасын изилдеп көрүшпөсө, анда Матраимовдун канчалык байыганын элестетүү кыйын болмок. Эгерде Аманда Матраимованын сүрөттөрүн карап чыкпаганда коомчулук бул үй-бүлө 2016-жылы Дубайдагы турак-жай мунарасынын 50-кабатынан пентхаус сатып алганын, ошондой эле Ошто сарайы, Бишкекте пентхаус жана башка көптөгөн мүлктөрү бар экенин билмек эмес, же ынанмак эмес.

Бирок бул мыйзам долбоору кабыл алынса, анда журналисттер мындай иликтөө жүргүзүү үчүн Аманда Матраимовадайлардан уруксат сурашы керек болот. Албетте, уруксат бербейт жана мындай иликтөөлөр жок болот.

Эгер бул мыйзам долбоору кабыл алынса, анда журналисттер Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөлүк бизнесин изилдей алышмак эмес. Анткени, муну дароо эле жеке жашоого кийлигишүү жана жеке жашоо тууралуу маалыматты таратуу менен байланыштырса болот.

Жыл башында Темиров Live телеканалынын журналисттери УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен байланышы бар компанияга эки күндө эле 37 миллион сом киреше берген "Ташиевдердин схемасы" тууралуу иликтөөсүн жарыялашкан.

Дагы бир тергөө Ташиевдин жээни Байгазы Матисаковго байланыштуу болгон, ал 2020-жылдагы октябрь окуясынан кийин мамлекеттик компаниянын туунду компаниясы болгон "Кыргыз Петролеум Компани" ишканасын жетектеген.

Күч органдарынын видео монополиясы

Аталган мыйзамдын 27-беренесинин 1-пунктуна ылайык, "жашыруун аудио жана видео жазууларды, кино жана фотосүрөттөрдү колдонуу менен даярдалган билдирүүлөрдү жана материалдарды жайылтууга тыюу салынат". Бул пара алуу жана адам укуктарынын бузулушу боюнча журналисттик иликтөөлөргө иш жүзүндө тыюу салынат дегенди билдирет. Демек, дрон менен тартуу да чектөөлөргө дуушар болот, анткени алар да жашыруун жаздыруунун бир түрү. Эгер бул мыйзам мурун иштегенде, экс-депутат Камчыбек Жолдошбаевдин Жал кичи районундагы 2,5 гектар жердеги чоң сарайда жашап жатканын, декларациясында жашырып койгонун коомчулук билмек эмес.

Ошентип, жашыруун видеолорду тартуу жана жайылтуу укук коргоо органдарына гана берилет.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9015