Кышка камылга. "Альянс Алтын" Талас элине көмүр сатып алууга жардам берүүдө
RU

Кышка камылга. "Альянс Алтын" Талас элине көмүр сатып алууга жардам берүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Талас облусунун жашоочуларына жеңилдик кылуу максатында базар баасынан арзан көмүр алынып келип элге сатылууда. Демилге өкүлчүлук тарабынан көтөрүлүп, каржылык колдоо "Альянс Алтын" компаниясынын өнүтүрүү фондусу тарабынан болгон.

Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлүнүн басма-сөз катчысы Бакай Садыров билдирди.

"Бул жылы Талас облусунда көмүрдүн баасы жылдагыга салыштырмалуу жогорулады. Анын башкы себеби коңшу Казакстан мамлекети өздөрүнөн чыккан көмүрдү экспорттоого тыюу салгандыгы. Андыктан базарда көмүрдүн тоннасын жеке жактарга сатууда наркы 7-8 миң сомго чейин болууда.

Тургундарга жеңилдик кылуу максатында Кара-Кече көмүр кенинен көмүр алып келүү ишин уюштурдук. Облусубузга ар дайым жардамын берип келген "Альянс Алтын" фондусу көмүр ташып келүү үчүн кайтарымдуу негизде пайызы жок 2 (эки) миллион сом каражат бөлүп берди. Келишимдин негизинде көмүр ташыган тарап Талас шаарында 5200 сомдон жана райондордун борборлорунда 5300, 5500 сомдон элге жеткиликтүү сатышат", - деди басма-сөз катчы.

Эскерте кетсек Жерүй кенин иштеткен "Альянс алтын" компаниясы түзгөн "Альянс Алтын" өнүктүрүү фонду өткөн кыш айларында дагы жергиликтүү тургундарга көмүр таңкыстыгы жаралганда жардам берген.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9033