КМШ өлкөлөрү качкын коррупционерлерди бири-бирине өткөрүп беришет
RU

КМШ өлкөлөрү качкын коррупционерлерди бири-бирине өткөрүп беришет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстандын Астана шаарында КМШ өлкөлөрүнүн башчылары коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кызматташуу келишимине кол коюшту. Ага ылайык, кеңешке мүчө өлкөлөр качкын коррупционерлерди бири-бирине өткөрүп беришет деп жазылат Казакстандын Коррупцияга каршы кызматынын расмий сайтында.

Маалыматта Казакстандын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы кеңешке мүчө-өлкөлөрдүн компетенттүү органдары жана КМШнын Аткаруу комитети менен бирдикте коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматташуусу жөнүндө макулдашуунун долбоорун иштеп чыкканы айтылат. Келишимге 14-октябрда Астана шаарында кол коюлган.

Кол коюлган келишим төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:

  • коррупциялык кылмыш иштери боюнча жардам көрсөтүүгө;
  • коррупциялык кылмыштар боюнча макулдашылган ыкчам-иликтөө, ыкчам-профилактикалык иш-чараларды жана атайын операцияларды жүргүзүүгө;
  • коррупциялык кылмыштарды жасаган адамдарды издөө, кармоо жана экстрадициялоо, коррупциядан алынган кирешелерди кайтаруу жаатында кызматташууга;
  • коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында маалыматтык системаларды түзүүгө жана пайдаланууга;
  • коррупцияга каршы аракеттенүүдө кызматташуунун стратегияларын, программаларын жана пландарын иштеп чыгууга;
  • коррупцияга каршы мониторингдин жыйынтыктары менен алмашууга;
  • кызматкерлердин тажрыйбасын жогорулатууга.
Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9053