"Азаттык" банктагы эсебинин бөгөт коюлганына байланыштуу расмий түшүндүрмө сурап кайрылды
RU

"Азаттык" банктагы эсебинин бөгөт коюлганына байланыштуу расмий түшүндүрмө сурап кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Азаттык Медиа" мекемеси "Демир банктагы" эсебине бөгөт коюлганына байланыштуу банктан расмий түшүндүрмө сурап кайрылды.

Кыргызстандын "Банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамынын 58-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарына ылайык, юридикалык жана жеке жактардын банктык эсептерде же сактоодо турган акча каражаттарына жана башка баалуулуктарына соттук актынын негизинде бөгөт коюлушу мүмкүн. Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин өтүнүчү, талабы банктык эсеп боюнча операцияларды токтотууга негиз болуп саналбайт.

"Банк бул норманы бузган учурда, түзүлгөн келишимге ылайык жоопкерчиликти банк тартат. Мындан тышкары, эгерде кызматкерлердин эмгек акысы Эмгек кодексинде белгиленген мөөнөттө өз убагында төлөнбөсө, банк материалдык зыянды төлөп берүүгө аргасыз болот.

Эмгек кодексинин 157-беренесинин талаптарына ылайык, иш берүүчү эмгек акы төлөөнүн, өргүү акысын жана башкаларды төлөөнүн мөөнөттөрүн бузганда, иш жүзүндө эсептешкен күнгө карата ар бир күн үчүн мөөнөтү кечиктирилип төлөнбөгөн сумманын 0,15 пайызын кошумча төлөөгө милдеттүү. Мындай төлөмдөр болгон учурда, иш берүүчү банктык эсептери боюнча операцияларды негизсиз токтоткон банкка регресстик доо кое алат", – деп айтылат мыйзамда.

Күн мурун "Демир банктан" "Азаттыктын" эсебине бөгөт коюлганын билдиришкен. Банктын өкүлдөрү бул тууралуу телефон аркылуу оозеки ырастап, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) билдирме алышканын айтышкан.

"Азаттык Медиа" ошол эле учурда УКМКга дагы мекеменин банктагы эсебинин бөгөттөлүшүнө байланыштуу расмий түшүндүрмө сурап кат жөнөттү. Азырынча эки тараптан тең жооп ала элек.

Эске салсак, 26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медиа" мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. Министрликтин билдирүүсүндө "маалымат айдыңында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес материалдарга байланыштуу ушундай чара көрүлгөнү" айтылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9104