"Азаттыктын" банктагы эсебине бөгөт коюлду
RU

"Азаттыктын" банктагы эсебине бөгөт коюлду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Азаттык медиа" мекемесинин "Демир" банктагы эсебине бүгүн, 31-октябрда бөгөт коюлду. Маалыматты "Азаттыктын" жетекчиси Айзада Касмалиева ырастады.

Анын айтымында, "Демир Кыргыз Интернэшнл Банктын" өкүлдөрү телефон аркылуу оозеки түрдө эсепке бөгөт коюлганын ырасташып, УКМКдан билдирүү келгенин айтышкан. Азырынча аталган банк расмий билдирүү жасай элек.

"Биз азыр расмий кат күтүп жатабыз. УКМКнын маалымат кызматына "Азаттыктын" эсебине байланыштуу маалыматты тактоо зарылдыгы боюнча расмий кат жөнөтүүнү сурандык", - деди Касмалиева.

Белгилесек, 26-октябрда Маданият министрлиги "Азаттык" жана Current Time сайттары эки айга убактылуу жабылганын билдирген. Кийинчерээк медиа коомчулук "Азаттык" сайтына коюлган бөгөттү алууну талап кылган билдирүү жасашкан.

ЖМКларга болгон кысым (43 статьи)
Сот Kloop Mediaны жоюу чечимин чыгарды
10 Февраль 2024, 10:42
Камакка алынган 11 журналисттин жакындары акыйкатчыга даттанышты
26 Январь 2024, 12:49
"Соттор да күн карама өңдүү". CИЗОдогу журналист Сайпидин Султаналиев кайрылуу жасады
23 Январь 2024, 15:30
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9091