Караколдо 35 жаштагы киши соода борбордон аялына бычак сайды
RU

Караколдо 35 жаштагы киши соода борбордон аялына бычак сайды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы соода борборлордун биринде эркек киши аялын өлтүрүп, андан кийин өз өмүрүн кыюуга аракет жасады. Мындай маалыматты Kaktus.media редакциясына укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдиришти.

Маалым болгондой, окуя бүгүн, 9-ноябрда күндүз орун алган. Түгөйлөр буга чейин пикир келишпестиктен улам бир нече күн бою өзүнчө жашап жатышкан. Бүгүн алар соода борборунан жолугушкан. Кезигишүүдө 35 жаштагы киши менен 30 жаштагы аялдын ортосунда дагы уруш чыгып, күйөө аялына бычак сайган. Андан кийин өзүнө сайган.

Кырсыктын кесепетинен келин алган жаракатынан улам "Тез жардам" кызматы келгенче каза болду. Ал эми күйөө оор абалда ооруканага жеткирилди.

Түгөйлөрдүн ортосунда 3 баласы бар экени айтылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9207