Ноокенде сайдан сөөгү табылган жарандын ким экени такталды
RU

Ноокенде сайдан сөөгү табылган жарандын ким экени такталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунда Эски-Масы сайында белгисиз аялдын жансыз денеси табылган. Маркум киши колдуу каза болгонун облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 8-ноябрда саат 10:10 чамасында Ноокен РИИБине жергиликтүү тургундан маалымат түшкөн. Анда Алаш сайында 25-30 чамасында аял кишинин жансыз денеси жаткандыгын кабарлаган.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып кароо жүргүздү. Жансыз денеге соттук-медициналык тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Алдын ала текшерүү учурунда маркум киши колдуу каза тапканы, ал Базар-Коргон районунун 19 жаштагы А.А. аттуу тургуну экендиги аныкталды. Бул факты боюнча 122-берене (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп жатканы белгилүү болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9199