Жакында эле кызматтан алынган Асеин Исаев тышкы иштер министринин орун басары болду
RU

Жакында эле кызматтан алынган Асеин Исаев тышкы иштер министринин орун басары болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жакында эле Кыргызстандын Индиядагы элчиси кызматынан бошотулган Асеин Исаев башка кызматка дайындалды. Тагыраагы, ал тышкы иштер министринин орун басары болгонун министрлер кабинетинин маалымат бөлүмүнөн билдиришет.

Белгилүү болгондой, тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Ал эми тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулганы айтылат маалыматта.

Белгилесек, Асеин Исаев Кыргызстандын Индиядагы элчиси кызматын 2 жыл аркалап, ушул жылдын октябрь айынын аягында ээлеген кызматынан бошотулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9232