Садыр Жапаров Кыргызстандын Индиядагы элчисин кызматтан алды
RU

Садыр Жапаров Кыргызстандын Индиядагы элчисин кызматтан алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Индиядагы элчиси Асеин Исаев ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан бүгүн, 31-октябрда билдиришти.

Белгилүү болгондой, Асеин Исаев Кыргызстандын Индиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, Нью-Дели шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Бангладеш Эл Республикасындагы атайын жана йгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду.

Белгилесек, Исаев элчи кызматына 2020-жылы дайындалган

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9093