Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөр бир катар документтерди кабыл алышты
RU

Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөр бир катар документтерди кабыл алышты

Все самое интересное в Telegram

Самарканд шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитинин тогузунчу жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.

Уюмга мүчө мамлекеттер - Кыргызстандын, Азербайжандын, Казакстандын, Түркиянын, Өзбекстандын башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту:

  • Түрк мамлекеттер уюмунун 9-Саммитинин Самарканд декларациясы;
  • "Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын кеңешин түзүү боюнча Нахичевань макулдашуусуна" өзгөртүү киргизүү жөнүндө протокол;
  • "Түрк мамлекеттер уюмунун процедуралар эрежеси" жөнүндө чечим;
  • "Түрк мамлекеттер уюмунун соодага көмөктөшүү стратегиясы" жөнүндө чечим;
  • "Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысын дайындоо" жөнүндө чечим.

Ошондой эле төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:

  • Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы эл аралык бириктирилген ташуулар жөнүндө макулдашуу жөнүндө;
  • Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы бажы коридорун жөнөкөйлөтүү боюнча макулдашуу жөнүндө;
  • Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин тиешелүү мекемелеринин ортосундагы персоналды башкаруунун санариптик системалары боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму жөнүндө.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9240