Садыр Жапаров түрк мамлекеттеринин лидерлери менен сый тамакка катышты. Сүрөт
RU

Садыр Жапаров түрк мамлекеттеринин лидерлери менен сый тамакка катышты. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө мамлекеттеринин лидерлери менен биргеликте бейформал сый тамакка катышты. Бул туурасында президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Бейформал жолугушуу 10-ноябрда "Түбөлүк шаар" комплексинде орун алды. Жогорку даражалуу меймандар үчүн Өзбекстандын президентинин атынан расмий кече жасалды.

Анда түрк элинин маданий ар түрдүүлүгүнө арналган концерт болду. Программада түрк географиясынын салттуу маданияты менен музыкасын чагылдырган номерлер камтылды.

Белгилей кетсек, 10-ноябрда Түрк мамлекеттеринин уюмунун саммитине катышуу үчүн Өзбекстандын Самарканд шаарына Садыр Жапаров жана ал баштаган делегация барган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9230