Баткенде насвайды аткезчилик жол менен ташыган жарандын унаасы конфискацияланды
RU

Баткенде насвайды аткезчилик жол менен ташыган жарандын унаасы конфискацияланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде аткезчилик жол менен насвай ташыган айдоочунун унаасы конфискацияланды. Маалыматты УКМКдан кабарлашат.

Белгилүү болгондой, 7-октябрда Кара-Бак айылынын чек ара тилкесинде И.К.А. аттуу жаранынын башкаруусундагы Honda Fit үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, көп өлчөмдө насвай табылган.

Аталган фактынын негизинде Мамлекеттик бажы кызматынын "Баткен" бажысы тарабынан 372-1-берененин 1-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголгон.

9-ноябрда Баткен райондук соту И.К.А`ны күнөөлүү деп таап, унаасын мамлекетке чегерүү чечимин чыгарды.

Белгилей кетсек, президент улуттук экономиканын кызыкчылыктарын коргоого жана контрабандага каршы күрөшүүгө багытталган чараларды күчөтүү боюнча тапшырма берген. Ага ылайык, тиешелүү уруксат берүүчү документтери (коштомо кагаз, ЭСФ, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз, салыктык каттоо жөнүндө маалымкат ж.б.) жок товарларды ташып келүү фактылары аныкталган учурда, товар жана аны ташып келген транспорт каражаты конфискацияланат (тартып алынат).

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9250