Контрабандалык товарлар транспорт менен кошо конфискацияланат
RU

Контрабандалык товарлар транспорт менен кошо конфискацияланат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Контрабандалык товарлар транспорт менен кошо конфискацияланат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн аймагына ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден эсепке алынбаган товарларды ташып келүүгө бөгөт коюу боюнча күчөтүлгөн иштер жүргүзүлүүдө.

Тиешелүү уруксат берүүчү документтери (коштомо кагаз, ЭСФ, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз, салыктык каттоо жөнүндө маалымкат ж.б.) жок товарларды ташып келүү фактылары аныкталган учурда, товар жана аны ташып келген транспорт каражаты конфискацияланат (тартып алынат).

Ушуга байланыштуу, Салык кызматы импорттоочу ишкерлерди товарларды ташып келүүдө Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргызстандын аймагына товарларды ташып келүү (импорттоо) боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин так сактоого чакырат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9154