Азиза Абдирасулова кармалышы боюнча: Кетип калайын деп аракет кылсам да кармап кетишти
RU

Азиза Абдирасулова кармалышы боюнча: Кетип калайын деп аракет кылсам да кармап кетишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Милиция кызматкерлери тарабынан кармалган укук коргоочу Азиза Абдирасулова акыркы окуя боюнча комментарий берди. Ал ИИМге чакыртылгандан кийин милиция кызматкерлеринин көңүл борборунда болорун, кармалышы да мүмкүн экенин болжогонун айтат.

Айтымында, учурда ден соолугу жакшы, кабатыр болууга себеп жок.

"Баары жакшы эле. Мен бүгүнкү митингдин катышуучусу болгон эмесмин, колумда эч кандай плакат да жок болчу. Катышайын деп барган эмесмин, лозунг да билдирген жокмун. Митингге катышуу үчүн барганда ушундай талап менен келдим деп дайыма эле айтам. Митингге чыккандар Ак үйдүн алдынан Горький паркына кеткенден кийин баргам. 20дай эле адам бар экен. Мага милиция кызматкери "Горький паркына баргыла" деди. Мен митингге катышпайм, ушул жерде эле болом дедим. Анан Сапарбек Аргынбаевди "мас экен, кармагыла" дегенде кетип калайын деп басып баратсам мени сүйрөп келишти. Ошондо отуруп алдым, мени сүйрөп алып кеткенге аракет кылышты", - деди ал.

Укук коргоочу бутунда темир протез бар экенин, отуруп, турганда кыйналарын билдирди. "Мени ары-бери тарткылап жатканда отуруп, андан кийин жыгылып кеттим. Ошондо мени эки жакка тарткылап кыйнап коюшту. Мен кетип калганга аракет кылсам да болбой кармап кетишти", - дейт Абдирасулова.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9284