Укук коргоочу Азиза Абдирасулова кармалды. Видео
RU

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова кармалды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова кармалды. Маалыматты "Сезим" кризистик борборунун директору Бүбүсара Рыскулова айтып чыкты.

Ал белгилегендей, Абдирасулованы бүгүн, 15-ноябрда митингге бара жатканда кармашкан. Ал Биринчи Май РИИБине жеткирилди.

Белгилесек, 14-ноябрда Абдирасулова Facebook баракчасына ИИМге сүйлөшүүгө чакыртылганын жазган. Анда ага коомдук-саясий маселе, анын ичинде Кемпир-Абад боюнча социалдык тармакта активдүү пикир билдирип жатканына карата сын болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9280