Москвада 50 жаштагы кыргыз жараны киши колдуу каза болду
RU

Москвада 50 жаштагы кыргыз жараны киши колдуу каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москва шаарында кыргыз жараны киши колдуу каза болду. Анын өлүмүнө шектүү кармалганын Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалыматына караганда, 50 жаштагы Б.У.У. таксист болуп эмгектенип жүргөн.

Анын өлүмүнө шектелген жаран Россиянын укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул факты боюнча Москва шаарынын Кунцевский райондор аралык тергөө бөлүмү тарабынан "адам өлтүрүү" беренеси (Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды. Бул маселе элчиликтин көзөмөлүндө экени кабарланды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9370