Россияда жол кырсыктан каза болгон курьердин сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлүп, айдоочу камалды
RU

Россияда жол кырсыктан каза болгон курьердин сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлүп, айдоочу камалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москвада кыргызстандык курьерди сүзүп кеткен айдоочуга кылмыш иши козголуп, ал эми маркумдун сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлдү. Бул тууралуу КРдин Россиядагы элчилиги кабарлады.

Курьерди сүзүп кеткен айдоочу 30 жашта болгон.

"Айдоочу жол чырактын кызыл жарыгынан өтүп кетүүгө аракет кылып, курьерди сүзүп кеткен. Курьер ошол жерде каза болгон. Таксистке кылмыш иши козголуп, камакка алынды. Ал эми маркумдун сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Россияда курьер жолдо өтүп баратканда, кызыл чырак күйүп турганына карабай таксист аны сүзүп кеткен. Курьер ошол жерден жан берген. Курьер да айдоочу да кыргызстандык болуп чыкты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8243