Футбол: Япония 8 мүнөттө немистерди жеңсе, Испания 7 гол киргизип кызык оюн көрсөттү
RU

Футбол: Япония 8 мүнөттө немистерди жеңсе, Испания 7 гол киргизип кызык оюн көрсөттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

23-ноябрда футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын алкагында Е жана F тайпасындагы биринчи оюндар жыйынтыкталды.

Е тайпасында Германия Японияга каршы ойноду. Биринчи таймда немистер атаандаштарынын дарбазасына 2 гол киргизип, бирок бир топ жокко чыгарылды. Экинчи таймда Япониянын курамасы каршылаштарынын дарбазасына 8 мүнөттүн ичинде 2 топ киргизип, жеңишти камсыздашты.

Ушул эле тайпада ойногон Испания 7:0 эсебинде Коста-Риканы жеңип алды. Биринчи таймда испаниялыктар 3 гол, экинчи таймда 4 гол киргизгенге жетишти.

F тайпасында канадалыктар Бельгияга каршы ойноп, 1:0 эсебеинде алдыга чыгышты.

Ал эми Марокко менен Хорватиянын беттеши 0:0 эсебинде жыйынтыкталды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9390