Футбол: Сауд Арабиянын сенсациялык жеңиши, Мессинин маанайын чөктүргөн оюндун жыйынтыгы
RU

Футбол: Сауд Арабиянын сенсациялык жеңиши, Мессинин маанайын чөктүргөн оюндун жыйынтыгы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын алкагында 22-ноябрда С жана D тайпаларында алгачкы тур жыйынтыкталды. Анда Франция менен Сауд Арабиянын курама командалары өз тайпаларында алдыда келе жатат.

С тайпасындагы 1-турда оюн көрсөткөн Сауд Арабиясы Месси баштаган Аргентинанын курама командасын 2:1 эсебинде утту.

Мексика - Польша беттеши 0:0 болду.

Ал эми D тайпасынын 1-турундагы беттеште Франция курамасы австралиялыктар менен беттешип, 4:1 эсебинде жеңишке жетишти. Ушул эле тайпада ойногон Дания менен Тунис эсепти 0:0 менен жапты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9376