Жалал-Абадда жиндиканадан 35 жаштагы бейтап качып кетти. Милициянын маалыматы
RU

Жалал-Абадда жиндиканадан 35 жаштагы бейтап качып кетти. Милициянын маалыматы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда 35 жаштагы жаран психиатриялык ооруканадан качып кетти. Маалыматты облустук ички иштер башкармалыгынан ырасташты.

Башкармалыктын маалыматына ылайык, 20-ноябрга караган түнү Таш-Көмүр шаарындагы Кызыл-Жар-12 шаарчасында жайгашкан Республикалык психиатриялык ооруканасынын өзбек жараны качып кеткен. Ал КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 114-беренеси менен мажбур иретинде дарыланып жаткан.

Бул факты "Эркиндигинен ажыратуу жайларынан же кайтаруудан качуу" болуп катталып, териштирүү иштери жүрүүдө.

Качып кеткен бейтап Өзбекстандын Фергана облусунун тургуну 1987-жылы туулган К.Б. аттуу тургуну.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9414