Сөөгү сайдан табылган кыздын өлүмү. Шектүү мурда зордуктоо боюнча жоопко тартылган
RU

Сөөгү сайдан табылган кыздын өлүмү. Шектүү мурда зордуктоо боюнча жоопко тартылган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ноокенде 19 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, шектүү буга чейин зордуктоо жана башка беренелер боюнча бир нече ирет сот жообуна тартылган.

Шектүүнү издөөгө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, Жалал-Абад ОИИБдин жана Ноокен, Базар-Коргон, Сузак РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тартылган. Ыкчам иликтөө иштеринин алкагында шектүү катары Сузак районунун 1964-жылы туулган О.А. аттуу тургуну кармалып, тергөөгө камсыздалган. Шектүү буга чейин зордуктоо жана башка беренелер менен бир нече жолу соттолгон, акыркы жолу 2021-жылы баңгизатка байланыштуу кылмыш жоопкерчилигине тартылган

Тергөө учурунда шектүү жасаган кылмышы боюнча айтып берип, окуя болгон жерди көрсөтүп, анын көрсөтмөлөрү видеожазуу менен бекитилген.

Мындан сырткары шектүүнүн Toyota Corolla үлгүсүндөгү унаасы далил зат катары алынып, унаанын арткы орундугунан кара-кочкул түстөгү канга окшогон зат аныкталган. Ошондой эле автоунаанын алдыңкы орундугунан кара-күрөң түстөгү болжолдуу салмагы 2-3 граммды түзгөн баңгизатына окшогон өзгөчө кескин жыты бар зат табылып, экспертизалык изилдөөлөр үчүн алынган.

12-ноябрда шектүү О.А. Ноокен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда кылыш иши боюнча толук кандуу тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Эске салсак, 8-ноябрда саат 10:10 чамасында Ноокен РИИБине жергиликтүү тургундан маалымат түшкөн. Анда Алаш сайында 25-30 чамасында аял кишинин жансыз денеси жаткандыгы кабарлаган.

Бул факты боюнча топтолгон материалдар 122-берененин (Адам өлтүрүү) негизинде катталып, кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Кийинчерээк маркум 19 жаштагы ал Базар-Коргон районунун тургуну экени такталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9261