Москвада Ырыс Окенова режиссёрлук кылган тасма көрсөтүлөт
RU

Москвада Ырыс Окенова режиссёрлук кылган тасма көрсөтүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эртең, 1-декабрдан тартып Москвада "Менин атым мигрант" аттуу кыргыз тасмасы кинотеатрда көрсөтүлө баштайт. Бул туурасында көркөм фильмдин режиссёру Ырыс Окенова билдирет.

"Премьерабызды өткөрүп алдык. Эми Москва шаарындагы мекендештерибиз "Манас" кинотеатрынан "Менин атым мигрант" көркөм тасмасын көрө алышат", - дейт Окенова.

Белгилей кетсек, аталган тасма Россиянын аймагында тартылган. Тасманын продюсери Эмиль Жайчиев. Роль ойногондор Темирлан Сманбеков, Анвар Осмоналиев жана башкалар тартылышкан.

Эске салсак, Дөөлөт Сыдыков май айынын башында "Манас айылына" байланыштуу чырдан кийин үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткен. Ал кысым болуп жатканын ырастап, бирок кеңири айткан эмес. Кийин манасчы үй-бүлөсү менен Түркияда, андан кийин Москвага кеткен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9451