Ырыс Окенова Москвада тасма тартууда
RU

Ырыс Окенова Москвада тасма тартууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москвада "Менин атым мигрант" аттуу фильм тартылууда. Ага Ырыс Окенова режиссёрлук кылып жатканын Орозайым Нарматова социалдык тармакка жазды.

"Биздин убактылуу жашап, иштеп, окуп жүргөн мекендештердин жан дүйнө кыйкырыгы, арманы, күлкүсү, азабы, жыргалы, бактысы жана кайгысын камтыган, жүрөктөн жүрөккө жете турган фильм болосун деп үмүт кылып жатабыз", - деди ал.

Тасманын продюсери Эмиль Жайчиев, режиссёру Ырыс Окенова. Тасмага Темирлан Сманбеков, Анвар Осмоналиев жана башкалар тартылууда.

Эске салсак, Дөөлөт Сыдыков май айынын башында "Манас айылына" байланыштуу чырдан кийин үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткен. Ал кысым болуп жатканын ырастап, бирок кеңири айткан эмес. Учурда манасчы үй-бүлөсү менен Москвада жүрөт. Август айынын башында Ырыс Окенова үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетүүгө эмне себеп болгонун айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8284