Бишкекте митинг, акция, жөө жүрүштөрдү өткөрүүгө салынган тыюу 1 айга узартылды. Тизме
RU

Бишкекте митинг, акция, жөө жүрүштөрдү өткөрүүгө салынган тыюу 1 айга узартылды. Тизме

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Биринчи Май райондук соту массалык топтолууга, тынчтык митингин, акцияларды өткөрүүгө салынган тыюунун мөөнөтүн узартып, тизмеге дагы бир көчөнү кошту. Аталган соттон билдиришкендей, мындай чечим 1-декабрда кабыл алынган.

Ага ылайык, чектөө ушул жылдын 31-декабрына чейин созулат. Ошондой эле Эркиндик бульварында (Линейный көчөсүнөн Чүй кең көчөсүнө чейинки бөлүгү) тынчтык акцияларын өткөрүүгө тыюу салынды.

Тыюу салынган жайлар:

  • "Ала-Too" аянты;
  • Эркиндик бульварынын Түгөлбай-Ата көчөсүнөн (мурдагы Линейный көчөсү) Чүй кең көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Жогорку Кеңештин айланасында;
  • Президенттин администрациясынын тегерегинде;
  • Жогорку Соттун жанында;
  • Россия элчилигинин алдында;
  • УКМКнын имаратынын алдында.

Бул чектөө "Ала-Тоо" аянтында өткөрүүлүчү мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чараларга тиешелүү эмес.

Белгилей кетсек, Эркиндик бульварынын Түгөлбай-Ата көчөсүнөн Чүй кең көчөсүнө чейинки бөлүгү акыркы учурда тынчтык акцияларын, жөө жүрүштөрдү өткөрүү үчүн тотполуучу жайга айланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9486