Бишкекте "Эркиндик үчүн!" аталышындагы жөө жүрүш өттү
RU

Бишкекте "Эркиндик үчүн!" аталышындагы жөө жүрүш өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 25-ноябрда Бишкекте "Эркиндик үчүн!" аталышында жөө жүрүш өттү. Тынчтык акциясына журналисттер, активисттер катышты. Иш-чаранын катышуучулары кыргыз улуттук филармониясына чейин барууну мерчемдешкен. Бирок милиция кызматкерлери курултай өтүп жатканына байланыштуу чектөөлөр бар экенин айтышты.

Алар Россияга депортацияланган журналист Болот Темировду өлкөгө кайра алып келүүнү, камакка алынган оппозициячыл саясатчыларды бошотууну жана жалпыга маалымдоо каражаттары, коммерциялык эмес уюмдарга байланыштуу мыйзам долбоорун четке кагууну талап кылышты.

Чогулгандар жөө жүрүштү башташты. Аларды милиция кызматкерлери коштоп чыгышты.

Саат 18:20га карата жөө жүруш аяктады.

  • Темиров ушул жылдын башында, 22-январдын кечинде кармалган. Анын редакциясынын кеңсесине спецназдын жоокерлери кирип келип, журналистти кармоо учурунда Темировдун арткы чөнтөгүнөн кочкул жашыл түстөгү затты алып чыгышкан.
  • Бирок күбөлөр таңгактарды коопсуздук күчтөрү өздөрү салып коюшканын айтышкан. Журналист бардык анализдерден өтүп, анын денесинен маңзат табылган эмес. Ошентсе да Темировго карата баңгизаттарды мыйзамсыз өндүрүү жана сактоо боюнча кылмыш иши козголгон. Бир нече айдан кийин ал Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алып, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деп шектелген.
  • 28-сентябрда Свердлов райондук соту Болот Темировду "Баңгизаттарды сактоо жана колдонуу", "Кыргыз Республикасынын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү" беренелери боюнча актаган. Ал эми жасалма документтер боюнча күнөөлүү деп таап, колдонуу мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жазасыз калтырылган.
  • 23-ноябрда Бишкек шаардык соту иликтөөчү журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алды. Буга Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен укук коргоо органдарына түшкөн документтер себеп болгону айтылган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9398