Россияда мекендештерин карактаган кыргыздар кармалды. Кол салуунун алдын ала себеби
RU

Россияда мекендештерин карактаган кыргыздар кармалды. Кол салуунун алдын ала себеби

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россияда мекендештерин карактап жүргөн деген шек менен 4 кыргыз жараны кармалды. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, жабырлануучулар ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылышкан.

Белгилүү болгондой, 27-ноябрда саат 03:00 чамасында 1999-жылы туулган К. уулу Н. аттуу жаранды (Жалал-Абад облусу) Россиянын Покров шаарында белгисиз адамдар сабап, жанындагы 60 000 рубль акчасын жана уюлдук телефонун тоноп кетишкен.

Андан тышкары 1992-жылы туулган У. уулу У. аттуу жаранга (Ош облусу) белгисиз адамдар күч колдонуп, унаага салып, белгисиз тарапка алып кетишкен. Кийин кол салгандар опузалап акча талап кылышып, банктык картасына 50 000 рубль которулгандан кийин аны коё беришкен.

Бул фактылар Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренесинин 2-бөлүмү "Каракчылык" менен катталып, кылмыш иши козголгон.

30-ноябрда кылмышка шектүүлөр бараткан унаа токтотулуп, пневматикалык тапанча жана болжол менен жабырлуунучуну видеого тарткан телефон да табылган. Жогорудагы кылмыштарды жасоого шектелип Кыргызстандын 4 жараны кармалды:

  • 1996-жылы туулган А. уулу К., Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургуну;
  • 1998-жылы туулган П.Ч., Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургуну;
  • 2000-жылы туулган И.уулу Х., Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну;
  • 2001-жылы туулган О.уулу М., Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургуну.

Учурда жогорудагы адамдарга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.

"Алдын ала маалыматтарга караганда, жабырлануучулар менен айрым шектүүлөрдүн ортосунда карыз маселеси болгон. Тергөө иштери улантылууда", - дешет басма сөз кызматынан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9488