Россияда менингит болуп ооруканага түшкөн 8 кыргыз жаранынын абалы айтылды
RU

Россияда менингит болуп ооруканага түшкөн 8 кыргыз жаранынын абалы айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москвадагы OZON компаниясынын кампасында иштеген Кыргыз Республикасынын 8 жараны ооруканага түштү. Алар менингит менен жабыркап жатканын кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Истра аймактык клиникалык ооруканасына 3 жана Красногорск шаардык ооруканасына 5 жараны кыргыз жараны жаткырылган. Алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Учурда Роспотребнадзор тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, тиешелүү анализдер алынды.

Элчиликтин кызматкери OZON компаниясынын, Роспотребнадзордун жана медициналык мекемелердин өкүлдөрү менен жолугушуп, маселени көзөмөлгө алды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9454