Музыкант Викрам Рузахунов Кыйноолордун алдын алуу борборунун ыктыярдуу элчиси болду
RU

Музыкант Викрам Рузахунов Кыйноолордун алдын алуу борборунун ыктыярдуу элчиси болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Музыкант Викрам Рузахунов Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун ыктыярдуу элчиси болуп шайланды. Аталган борбордун мурдагы элчиси, Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева кубокту жаңы элчиге тапшырды.

"Адам укуктары тууралуу чыгармачылыгым, өнөрүм аркылуу айтууну улантам. Улуттук борбордун жамааты январь окуясында мага биринчилерден болуп жардам берип, колдоо көрсөтүштү жана алардын эмгегин абдан баалайм. Эми мен Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборго жардам берем", - деди Викрам Рузахунов .

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун түзүлгөнүнө 10 жыл болду. Бул датага байланыштуу Бишкекте "Кыйноодон жана ырайымсыз мамиледен эркин болуу укугун сактоо боюнча Кыргыз Республикасынын жетишкендиктери жана келечеги" аталышындагы форум болуп өттү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9533