Казакстанда кыйноого кабылган Викрам Рузахунов коңшу өлкөдөн кенемте талап кылат
RU

Казакстанда кыйноого кабылган Викрам Рузахунов коңшу өлкөдөн кенемте талап кылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстанда музыкант Викрам Рузахуновдун кыйноого кабылганы боюнча ишти тергөө токтотулду. Бул туурасында Рузахунов журналисттерге өзү билдирип, компенсация талап кылууга ниеттенип жатканын айтты.

Ал белгилегендей, коңшу өлкөнүн тергөөчүлөрү соттук-медициналык экспертиза дайындаган. Анын жыйынтыгы менен тергөө иштери кайра жанданат.

"Мен Кыргызстандын тергөө органдарына жана прокуратурага арыз менен кайрылып, бизди Казакстанга алып баруусун сурангам. Тилекке каршы, бизге эч кандай кепилдик да, тергөөчү да берилген жок. Жактоочум Бакытбек Автандил экөөбүз өзүбүз Казакстанга бардык. 26-сентябрдан 30-сентябрга чейин биз Алматыда болуп, мен кыйноолор боюнча барын айтып бердим. Ошол эле күндөрү алар соттук-медициналык экспертиза дайындашты. Эми жыйынтыгы чыкса эле Казакстанга барабыз", - деди Рузахунов.

Ошондой эле музыкант Казакстандан компенсация төлөп берүүнү талап кыларын кошумчалады. "Биз бул багытта казакстандык өкүлдөр менен иштешип жатабыз", - деди Рузахунов.

Музыканттын ишин Ленин райондук ички иштер бөлүмү иликтеп, тергөөнүн жыйынтыгын Кыргызстандын Башкы прокуратурасына, экинчисин Казакстанга өткөрүп бериши керек эле. Бирок иш материалдары дагы эле көзөмөл органында экенин кошумчалады Рузахунов.

Белгилей кетсек, Викрам Рузахунов январь айында Казакстанда орун алган баш аламандык учурунда кармалган. Коңшу өлкөнүн телеканалдардын биринде тополоңго катышкандардын бири Кыргыз өлкөсүнөн учуп баргандыгын айткан видео көрсөтүлгөн. Андан соң видеодогу жаран жаз музыканты Викрам Рузахунов экенин, ал концертке барганын кесиптештери жазышкан.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана ИИМдин жардамы менен музыкант 10-январда өлкөгө алып келинген. Кийин ал окуянын чоо-жайын айтып жатып кыйноолорго кабылганын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9519