11 жаштагы кызга жакындарынын баш тартканына карабай эмдөө жасалган. Окуя териштирилди
RU

11 жаштагы кызга жакындарынын баш тартканына карабай эмдөө жасалган. Окуя териштирилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдө ата-энесинин каршылыгына карабай 11 жаштагы кызга папиллома вирусуна каршы эмдөө жасалып, бул окуя боюнча териштирүү жүргүзүлдү. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, 6-декабрда Республикалык иммунопрофилактика борборунун адистери Чүй районуна барып жагдайды такташкан.

"Кошой айылындагы №5 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчилиги, медицина кызматкерлери менен жолугушуулар өткөрүлдү. Үй-бүлөлүк дарыгердин айтымында, 5-декабрда 3 кыз эмдөөдөн өтүп, жалпы текшерүү, сурамжылоо, термометрия жүргүзүлгөн. Ырасында эле 11 жаштагы кыздын таенеси октябрь айында папилломага каршы эмдөөдөн баш тартуу арызын жазган. Бирок 5-класстын окуучусу классташтары менен бирге өз ыктыяры менен эмдөөгө келген.

Медицина кызматкерлери тарабынан эч кандай мажбурлоо болгон эмес. Эмдөө алгандан кийин кыз медициналык кызматкерлердин көзөмөлүндө болгон, эч кандай терс таасирлери болгон эмес. Учурда ал өзүн жакшы сезип жатат", - деп айтылат билдирүүдө.

Медицина кызматкерлерине эмделген өспүрүмдөр менен кеңири баарлашуу сунушталды.

Эскерте кетсек, 14-ноябрда Кыргыз Республикасынын профилактикалык эмдөө календарына ылайык, 11-14 жаштагы кыздарды эмдөө башталган. Анын алкагында бүгүнкү күнгө карата 137 345 кыз эмдөөдөн өттү.

Папилломага каршы эмдөө жатын моюнчасынын рагына кабылуунун жана өлүмдүн алдын алат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9541