"Улуу көчмөндөр мурасы" холдинги үчүн Италиядан эмеректер алынган. Кылмыш иши ачылды
RU

"Улуу көчмөндөр мурасы" холдинги үчүн Италиядан эмеректер алынган. Кылмыш иши ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин түзүлүшү жана кайра жоюлушу боюнча маселе көтөрдү. Ал министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго бир киши үчүн миллиондогон чыгаша кылса боло береби деп суроо салды.

"Холдингди түзүү үчүн 3 жарым миллиард сом бөлүнгөн. Чыгымы 700 миллион сом болуптур. Эми кайра жоюуга 250 миллион сом керек экен. Бул кандай? Бир киши үчүн миллиндогон чыгаша кылса боло береби? Европа, АКШдан, Казакстандан кыргыздын мыкты уул-кыздары келишкен. Алар "бекер эле келиптирбиз" деп көңүлдөрү калып кетишти. Эми эмне болот? Ким жооп берет чыгаша үчүн?", - деди Акаев.

Министрлер кабинетинин төрагасы: "Жооп бере турган адам отурбайбы (ред.: Тенгиз Бөлтүрүк). Сот аркылуу күнөөлүү же күнөөсүз экени далилденет. 700 миллион сом чыгаша боюнча айтсам, анын дээрлик көп пайызы бонустар", - деди ал.

Жанар Акаев холдинг түзөбүз деп чоң суммага ырчыларды каржылап, эмеректерди Италиядан алдыртканын кошумчалады.

Акылбек Жапаров Италиядан алынган эмеректер боюнча кылмыш ииш козголгонун айтты.

Белгилей кетсек, депутат Дастан Бекешев "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" улуттук холдинги жоюларын, ага 700 миллион сом коротуларын айткан.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9548