Теңгиз Бөлтүрүк башка кеңсеге көчөрдө жетекчилик менен макулдашкан эмес
RU

Теңгиз Бөлтүрүк башка кеңсеге көчөрдө жетекчилик менен макулдашкан эмес

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин башчысы Теңгиз Бөлтүрүк "Учкундагы" офисинен башка кеңсеге көчөрдө Министрлер Кабинети же Президент менен макулдашкан эмес. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Facebook баракчасына жазды.

"Ал холдинг түзүлгөндө кызматкерлер эски кеңсеге батпай калгандыктан башка офиске көчкөнүн түшүндүрдү.

Бир ай мурда бул окуя боюнча Президент Жапаровдун тапшырмасы менен териштирүү жүрүп, Теңгиз Бөлтүрүккө макулдашылбаган чечими үчүн эскертүү берилген.

Ошону менен бирге "Кумтөрдүн" гаражы жеке жактан мамлекеттик гаражга (мурдагы ЖК гаражына) көчүрүлдү. Эми мындан ары ижара акысы мамлекетке түшүп турат. Мурда ижара акысын жеке жактар алып турган",- деп билдирген ал.

Андан сырткары азыркы офисинде убактылуу иштерин, холдинг үчүн Бишкектен башка жер берилгенин белгиледи. Бир жылдын ичинде жаңы офисти куруп бүтүп, ал жакка көчүп кирүү тапшырмасы коюлган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7168