Россияда Рысбай Исаковго алтын орден тагышты
RU

Россияда Рысбай Исаковго алтын орден тагышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, манасчы Рысбай Исаков Россияда "Золотое перо Руси" алтын ордени менен сыйланды. "Манас" улуттук театрынан билдиришкендей, Исаков маданиятка жана искусствого кошкон салымы үчүн бул сыйлыкка татыды.

Белгилей кетсек, 12-декабрь - Улуттук адабият күнүндө Москва шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата бир канча иш-чаралар уюштурулган. Ага манасчы Рысбай Исаков, Кыргыз Республикасынын Эл акыны Азамат Болгонбаев, "Манас" театрынын директору, манасчы Азиз Биймырза уулу, манасчы Нурбек Таланбеков катышты.

Эске салсак, Рысбай Исаков Түркияда өткөн Манас айтуу жумалыгында 124 саат бою улуу баянды айтып, "Гиннесстин рекорддор китебине" катталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9613