Президент менен жолуккан манасчы Рысбай Исаков мектеп ачуу планын айтты
RU

Президент менен жолуккан манасчы Рысбай Исаков мектеп ачуу планын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген манасчы Рысбай Исаков менен жолугушту. Президенттин администрациясынан кабарлашкандай, өлкө башчы манасчыны ийгилиги менен куттуктады.

Садыр Жапаров мамлекет чыгармачыл интеллигенциянын актуалдуу маселелерин тез арада чечүүгө аракеттерди көрүп жатканын, тактап айтканда, келерки жылы жаңыланган "Манас айылы" этнографиялык комплексинде жаңыланган миң орундуу "Манас" театры ишке кирерин эске салды.

Манасчы Рысбай Исаков президентке чыгармачылыктын бул түрүн колдоп жатканы үчүн ыраазычылык билдирип, келечектеги пландары, "Манас" театрынын алдында манасчылар мектебин ачуу ниети менен бөлүштү.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров манасчыга "Манас", "Семетей", "Сейтек" үч томдугун тапшырып, чыгармачылык ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, Түркиянын Бурса шаарында өткөн Манас айтуу жумалыгында Рысбай Исаков 124 саат улуу баян айтып "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9479