Камактагы активист Перизат Суранованын абалы начарлап кетти
RU

Камактагы активист Перизат Суранованын абалы начарлап кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тергөө камак жайында ачкачылык жарыялаган Перизат Суранованын абалы оор. Мындай билдирүүнү активист Айсулуу Кудайбердиева айтып чыкты.

Айтымында, Суранованын дене табы көтөрүлүп, аба жетпей, дем алуусу кыйын болууда.

"Абалы оор. Кан басымы жогору болууда. Жалпы 4 сутка ачкачылык кармады. Эки күн кургак ачкачылык болду. Ал эс-учу жоголсо да СИЗОнун медициналык кызматынан баш тартууда", - деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Орозайым Нарматова да ачкачылык жарыялап, абалы начарлаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9645